Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаевдин айтымында, өкмөт ундун баасы кымбаттоосуна жол бербөө максатында Мамлекеттик материалдык резерв фондунан алынган унду арзан баада сатууну көздөөдө. Ага ылайык 1-сорттогу бир кап уну 1400 сомдон сатылат: “Бизге өкмөттөн тапшырма берилди. Мамлекеттик материалдык резерв фондунун унун 1400 сомдон ашырбай сатуу үчүн атайын жайларды даярдап жатабыз. Бул ун кызыл кулактыкка жол бербөө үчүн дүкөн-базарларга түшүрүлбөйт”, — деди Түлөбаев.

Эске салсак ,пандемияга байланыштуу карантин киргизилген алгачкы күндөрү Кыргызстанда ун тартыштыгы байкалып, баа кескин жогорулаган. 1000-1200 сом турган биринчи сорттогу бир кап ун 1700-2000 сомго чейин чыккан.

Белгилүү болгондой, монополияга каршы күрөшүү агенттиги ундун бир килосун 32 сомдон ашырбай сатуу талабын койгон. Бааны ашырган бир топ дүкөндөр текшерилип, аларга эскертүү берилген.