![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/04/original-xy0-1.jpg)
Коом
Белгилүү адамдар арасында оору жуктургандар барбы? Үсөнбаев жооп берди
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган белгилүү адамдар жок. Бул тууралуу 28-апрелде өткөн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Ооругандардын арасында саясатчылар, депутаттар же шоу-бизнес өкүлдөрү барбы деп суроого жооп берип жатып билдирди.
«Байланыштардын арасында белгилүү адамдар болгон, аларга байкоо жүргүзүлүп, үй карантининде болушкан, бирок ооруган жок», — деди министрдин орун басары.