Жардам сурап ойноп чалгандар бар. Мындай оюн бүгүн онлайн брифингде Балбак Түлөбаев билдирди. Бишкек мэриясынын аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаевдин айтымында учурда жардамдар тизме аркылуу таратылууда.

«Шаарда көпчүлүк жарандар аймактардан келип, жаңы конуштарда жашашат. Биз квартальныйлардан тизме алып, жардамга муктаж болгон үй бүлөлөргө берип жатабыз. Айрым учурда бизден эт сурап кайрылгандар бар. Кээде сынап чалгандар бар. Көрсөтүлгөн дарекке барганда жакшы жашагандарды көрүүгө болот. Алар силерди келет бекен деп чалганбыз дешет. Айрымдар бизде ун бар, муктаждарга бергиле дегендер бар» — деп билдирди Балбак Түлөбаев.