Бишкек шаарында 4 алдамчылык фактысы катталды. Бул тууралуу 28-апрелде өткөн брифингде Ички иштер министринин орун басары жана Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. “4 алдамчылык окуясы катталды, алар карантин учурунда гуманитардык жардамдарды көрсөтөбүз деп алдап жүрүшкөн.

Ошондой эле, алдамчылык жана үйлөргө уруулука кирүү фактылары азайган. Буга чейин үйлөрдөн велосипед жана коляскаларды уурдоо боюнча көп арыздар түшсө, азыр бул жаатта маселе жок”,  — деди комендант. Учурда коомдук жайларда жана көчөлөрдө кылмыш иштери каттала элек.