Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин имаратына белгисиз кыргыз жараны келип, наараычылыгын айтып кеткен тасма интернет айдыңында тараган. Ал элчилик кыргызстандык жарандарга жардам бербей жатат деген таризде коомчулукка кайрылган.

Ага удаа кыргыз өкмөтү тарабынан берилген каражатка гуманитардык жардам жеткирген элчиликтин өкүлдөрүнө “сапатсыз азык алып келдиңер” деп кайра алып кетүүсүн талап кылышкан.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин коомдук кеңешчиси Тимур Саралаев мигранттардын нааразычылыгы боюнча өз пикирин билдирди.

Окурмандарга Тимур Саралаевдин пикирин толугу менен сунуштайбыз:

“Калыстык үчүн айтып коюу керек. Сиздерге жигитче ачык айтып коюу учуру келди. Айтаарым, элчиге жан тарткан үчүн эмес, элчилик менен бирге Миграция кызматынын, ИИМдин, ЕАК комиссиясынын жана диаспоранын лидерлери, өкүлдөрү бир айдан ашуун, дем алышсыз, күнү-түнү кооптуулукка карабастан өз коопсуздугун унутуп, РФ жана Москва шаарындагы кыргыздардын түйшүгүн аз болсо да жеңилдетүү максатында ишти 1 саатка да токтото элек. Алар саналуу эле адамдар.

Акыры бүгүн бир провокатор келип – “Элчилик элдин алдынан эшикти жаап алды” десе эле, абройлуу эле адамдар анын артынан чапкан бойдон кетишти. Кечирип коюңуздар, ардактууларым, бирок ал жигит же ал сыяктуу кече же мурда күнү келип, колл-борборго чейин кирип келип, — “иштеп-жатасыңарбы, силерди текшергени келдик”, деп жулкулдап келгендер кимдер?!

Алар ТИМден же ЖКтин Эл аралык комитетинен, же Президенттин аппаратындагы Тышкы саясат бөлүмүнүн текшерүүчүлөрбү?! Ким өзү алар?! Мен билбейм, тааныбайм, көргөн эмесмин, уккан да эмесмин. Алар Кыргыз Республикабыздын жарандары, элчиликтин ишмердүүлүгү боюнча маалымат алганга толук укуктуу, бирок мындай формада эмес. Эшикти тепкилеп эмес, чыкканда эле кыйкырык формада эмес, дүрбөлөң аркылуу эмес. Чынын айтканда ошол жигит келгенде мен башка жакта болуп калганыма өкүнүп жатам, мен аны менен сүйлөшүп, ишти көргөзөт элем.

Социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу катары Москвада да өзгөчө Инстаграммда мен активдүүмүн. Биздин ал жактагы жаш “Москвичтердин” ойлогон ойлорун уксаңар чачыңар тик турат, арасында маргиналдар– “жүргүлө Элчиликти өрттөйлү” дегендер да жок эмес.

Учурда 1 адамга жардам берсек, тилекке каршы, миң адам калып кетип жаткан мезгил, анткени бизде каражат жок, жетиштүү эмес. Элчи өзү таап жаткан акча хостелдерге, 3 апталык азык-түлүккө гана жетти, товар менен алып келип жаткан штабка, кол сунган диаспорага, кыргыз ишкерлерине рахмат. Бул жардам миңдин тегерегиндеги үй-бүлөгө гана жетти. Бирок баары бир бул көлгө куйган бир тамчыга гана барабар. Анткени бере турган нерсебиз масштабды эске алганда жокко тете. Учура турган да учагыбыз, батирлердин ижарасын төлөй турган акчабыз да жок.

Уланта берсе сөз көп, соңунда айтаарым – азыркы күнү Элчиликти тепкилегенге оңой, жеңил, эң ыңгайлуу баарына, сындай берсе боло берет демекчи. Бирок ушул күндөргө чейин “пиар кылып жатышат, мактанып жатышат” дебесин деп унчукпай келдим. Эми мындан ары жеке мамилелерге карабастан, болгонун-болгондой, сыпайланбай айтып турганга мезгил келди.

Ошондуктан, мен маселе элде эмес, элчиликте же элчиде же менде эмес, маселенин баары Бишкекте экенин айткым келет! «Мигранттар» деп сайрап жүрүшкөн саясатчылар, партбосстор, лидерлер, жаш саясатчылар, ишкерлер кайда?! Кайдасыңар силер?! Бириң жоксуңар го. Анча-мынчалар трибунадан сүйлөп жатышат. Силердин сүйлөгөнүңөр кереги жок азыр. Керек болсо силерден да кооз сүйлөй алабыз, силерден азыр күчөтүлгөн колдоо керек. Кайда ыкчам чечимдериңер?! Бул жерде эл-журт кыйналып жатат, жетимсиреп калды, ошондуктан алардын ачууланганына мен таарынбайм.

Кыргызстандын активдүү калкынын төрттөн бир бөлүгү бул жакта жүргөнүнө карабастан, саясий элитанын кайдыгер болгонуна таң калам жана ызаланам…”,-деп билдирүү калтырган. Тимур Саралаев.