Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев берилип жаткан гуманитардык жардамдар боюнча маалымат жыйында билдирди.

Бирөө тынбай өкмөткө чейин чалып жатты. Атайын өзүм анан үйүнө барсам мас жатат, үч-төрт жолу келген жардамды алыптыр, бирок “жалгызмын, неберелерим менен ачка калдым” деп бүт жакка арыздана берет экен. Берилген гумжардамды дүкөнгө алып барып өткөрүп, арак алыптыр”,-деди Түлөбаев.

Аны менен бирге гумжардам таратуу учурунда жакшы саамалыктар да жок эмес экенин айтты.

“Өкмөт жана мэрия берген 6000 кап ундан 400гө жакыны кайра артка кайтарылды. Себеби биз мыйзам боюнча ундарды социалдык катттоодо тургандарга бергенбиз. Анын ичинде Афган, Чернобль согушунун ардагерлери, Апрель баатырлары, майыптар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бар. Бирок айрым жашоо-шарты жакшылар “рахмат, андан көрө муктаждарга бергиле” деп кайтарып жатат”, — деп кошумчалады ал.