Иран өлкөсүнүн Noor-1 аскердик спутниги пайдалуу бир маалымат алып береринен күмөнүм бар — деп жазды АКШнын космостук күчтөрүнүн башкы командачысы, генерал Жон Реймонд 26-апрель күнү өз Twitter баракчасына.

Реймонд АКШ космостук күчтөрү жакында учурулган Noor-1 аскердик спутнигине тыкыр көз салып жатышкандыгын жана бул космостук аппарат CubeSat 3U кичи спутнигинин форматына ылайык келерин (бул стандарттагы спутниктердин көлөмү 10×10×30 см  барабар) айтып келип, — Ирандын бул спутниги космосто учуп жүргөн жөн эле веб-камера экендигин жана ал Иранга кандайдыр бир пайдалуу маалымат алып келерине көзү жетпестигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Noor-1 22-апрель күнү Ислам революциясын Коргоочуларынын корпусу тарабынан учурулган жана Ирандын биринчи аскер спутниги болуп саналат.