КЭРдин Австралиядагы элчиси Чэн Цзин АКШ менен биргеликте коронавирустун жайылышын иликтеп жаткан Австралия өкмөтүнө каршы сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Euronews телеканалы билдирген.

Элчинин айтуусу боюнча мындай тергөө аракеттери эмбаргого (кайсы бир товарлардын жана валюталык баалуулуктардын импорту же экспорту үчүн тыюу салуулар) алып келүүсү мүмкүн.

Ошону менен бирге Цзин мындай тыюу салууларга Австралияга саякаттап жатышкан кытай туристтери дагы кириптер болуп калуусу мүмкүн экендигин, Австралиядан келип жаткан деңиз азыктары кытайлар үчүн анчалык деле маанилүү эмес экендигин кыйытты.