28-апрелге карата Жер планетасында жалпы 3 миллион 41 миӊ 764 адамдын коронавируска чалдыкканы аныкталды. Алардын ичинен 211 миӊ 167 киши өмүрү менен кош айтышты.

COVID-19 АКШда тездик менен жайылып жатканын байкоого болот, вирус бир миллионго жакын адамга жуккан. Ал эми Россия жуктургандардын саны боюнча Кытайдан ашып өтүп тогузунчу сапта турат. Деген менен башка өлкөлөргө салыштырмалуу каза болгондор аз.

Коронавирус көп катталган 10 өлкөнүн тизмеси:

  • АКШ – 988 197 (каза тапкандар – 56,259);
  • Испания – 229,422 (каза тапкандар – 23,521);
  • Италия – 199,414 (каза тапкандар – 26,977);
  • Франция – 165,963 (каза тапкандар – 23,327);
  • Германия – 158,758 (каза тапкандар – 6,126);
  • Улуу Британия – 158,348 (каза тапкандар – 21,157);
  • Түркия – 112,261 (каза тапкандар – 2,900);
  • Иран – 91,472 (каза тапкандар – 5,806);
  • Россия – 87,147 (каза тапкандар – 794);
  • Кытай – 83,938 (каза тапкандар – 4 637).

Мунун ичинде айыгып чыккандары дагы бар, бирок алардын статистикасы жазылган эмес.