Бүгүн Екатеринбургдан 157 кыргызстандык Бишкекке алып келинди. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Мекендештер “Урал аба жолдору” авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен келип, “Манас” эл аралык аэропортуна конду. 

Жеке коргонуу каражаттарын колдонууда бардык коопсуздук чаралары сакталып, келген жүргүнчүлөр аба майдандын перронунда тейленип, андан ары обсервацияга жөнөтүлөт. Ал жайда коронавирустан анализи чыкканга чейин болот.