Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда Исаков менен бирге Жантөрө Сатыбалдиев жана Салайдин Авазов да карантинге арынган.

Аз күн мурда Сапар Исаков №1 тергөө абагынан Петровка айылындагы №8 жалпы режимдеги колонияга которулган болчу.

Абакка башка жактан келген соттолуучулар сөзсүз түрдө 14 күндүк карантинде болушат. Аларга өзүнчө бөлмө берилип, медицина кызматкерлери, психологдор жана мекеменин башка кызматкерлери байкоо жүргүзүп турат.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо коррупциялык иштерге аралашкан деген күнөө менен Сапар Исаков баштаган бир нече экс-жетекчилер эркинен ажыратылган.