Түндүк Осетиянын тургундары түнкү асманда жылып бараткан табышмактуу объекттилерди көрүшкөн. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар уюлдук телефондоруна тартып үлгүрүшүп, социалдык тармактарда чыгарышкан. Ушул эле көрүнүш Ессентуками жана Кисловодскиде байкалган.

Ошол мезгилде Грузия, Өзбекстан, Кыргызстанда жарандар жылып бараткан, катар тизилген оттор тууралуу айтышкан. Бул көрүнүштү жарандар НЛО деп ойлошкон. Айрымдар ыйык Рамазан айында берилген белги деп жооруса, кээ бирлер өлкөгө кут келди дешкен. Кийинчерээк маалым болгондой бул оттор Илона Маска SpaceX компаниясына таандык, интернет байланыш каналдарын жакшыртуу үчүн орбитага учурган кезектеги спутниктери болуп чыккан.

Маалым болгондой бул көрүнүш былтыр 2019-жылы 27-майда байкалган, анда 60 даана спутник учурулган .