Москвада киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу иттерди сейилдетип келүүчү кызматы ишке киришти. Бул тууралуу Известия басылмасы жазып чыкты. Маалым болгондой, карантинге байланыштуу көпчүлүк жарандар үйдө болууда. Андыктан шаарда иттерди сейилдетип келүүчү волонтерлор тобу түзүлгөн. Топтун курамында 160 волонтер бар. Алар иттерди үйдүн 100 метр аралыкта сейилдетет.

«Волонтерлорго баардык керектүү жагдайлар окутулган. Профессионал дрессировщик жана медицина кызматкерлери сабак өтүшкөн. Жаныбарларга кандай мамиле кылуу керектиги тууралуу,»- дейт волонтердук кыймылды түзүүчүлөрдүн бири Дмитрий Михайлов.