«Коронавирус менен күрөшүүдө Кыргызстан туура жолду тандап алганын, жасалып жаткан кадамдар оору күч алган башка мамлекеттердин деңгээлине жеткирбей, ооруну жок кылууга өбөлгө түзөт».

Мындай пикирин Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси, академик Сабырбек Жумабеков Спутник радиосуна маек берип жатып билдирди.

Ал коронавирус менен күрөшүүдө элдин тартиби маанилүү экендигин айтып, коопсуздук эрежелерин туура сактоону эскертти.

«Коронавирус менен Кыргызстан туура ыкмада күрөшүп жатат. Учурдагы чектөөлөр элдин ден соолугу үчүн киргизилүүдө. Андыктан нааразычылыктарды токтотуп, өкмөткө жардам берип, тартипти сакташыбыз керек. Үйдөн чыкпай отургула дедиби, чыкпай туралы. Дарыгерлер коопсуздук эрежелерин тынбай түшүндүрүп жатышабы, аларды сактайлы. Ал эми медицина кызматкерлеринин өздөрүнө вирус жугуп калуу учурлары боюнча да түрдүү кептер айтылып жатат. Бул табигый, кача албай турган маселе эле. Анткени согуш талаасында мина издеген жоокерлердей эле алар да көзгө көрүнбөгөн душман менен биринчи катарда туруп күрөшүп жатышат. Башка өлкөлөрдө врачтардын жуктурган учурлары пайыздык көрсөткүчтө биздикинен да жогору. Андыктан бул ооруну жалпыбыз ынтымак менен тартипти сактап гана жеңе алабыз», — деди Жумабеков.