Элди өзгөчө бир жүрүм-турумдары, сүйлөгөн сөздөрү менен таң калтырып, керек болсо дайыма өздөрүнө көңүл бурууларды пайда кылып тургусу келген адамдар болот. Мындайлар саясатта да бар. Мисалы, Адахан Мадумаров аттуу тили гана сайраган саясатчыны ким тааныбайт? Бул эрен кандай гана маселе болбосун аны бийликти сындаганга шылтоо же курал кылып алганды абдан жакшы өздөштүргөн.

Азыркы тапта дүйнө мамлекеттери коронавирус пандемиясы менен күрөшүп, миллиарддаган, триллиондогон каражаттарды сарптап, өлкөлөрүнө өзгөчө абал жарыялап турган кези. Бул аты жаман илдетти жуктуруп алгандардын саны 2,5 миллиондон ашты. Бир гана АКШнын өзүндө 1 миллиондон ашканы да белгилүү. Каза болгондор 200 миңден ашканын да маалымат булактарынан билип жатабыз. Кыргызстанда 700төн ашуун адам бул илдетке чалдыкса, анын жарымынан көбү айыгып чыкты. Сегиз адам каза болду

Мына ушундай жагдайды көрүп-билип туруп, Адахан мырза муну «бийликтин саясаты, мен буга ишенбейм» деп чыкты. Эгерде муну биздин мамлекеттин бийлиги саясат кылып жаткан болсо, анда эмне АКШ, Россия, Германия, Италия, Франция, Улуу Британия өңдүү өнүккөн мамлекеттер биздин бийликтин саясаты менен «ойноп» жатышкан болуп калабы?

Бул апаат Кытайда жаңыдан башталган кезде Арстан Алай деген бир пенде «Коронавирусту Кытайга мен жөнөттүм. Кытай карызын кечпесе жаман болот. Мен анткени Кудаймын» деген болчу. Ал бул вирусту Кыргызстанга келбейт деп да айткан. Бирок, баары бир коронавирус биздин өлкөгө да кирип келгени бир топ болуп калды. Ошондо да өзүнүн жаңылганын мойнуна алгысы келбеген Арстан Алай «Коронавирус мага жукпайт, анткени мен Кудаймын» деп дагы жаңы билдирүү менен чыкты.

Өзүн-өзү Кудайга теңеген бул пенденин күнөөсүн Жараткан өзү кечирсин дейли, эң башкысы анын акыл-эсин ээлеп алган жин-шайтандардын кесепети элибизге тийбесин. Мына ушул экөө тең убагында президенттикке талапкерлигин койгон эрендер. Экөө тең сүйлөгөндү жакшы көрөт.

Экөө тең өздөрүн керемет сезишет. Бири «коронавируска ишенбейм» десе, экинчиси «мага жукпайт» деп ашкере ишенимдүү сүйлөп отурушат.

Андай болсо экөөнү «тандемдештирип» туруп, коронавируска чалдыккан бейтаптардын жанына бир айга «командировкага» айдап жиберсекпи? Ошондо көрөт элек булардын канчалык эр жүрөк экендерин. Айтор, буларга караганда убагында президенттикке да талапкерлигин коюп, бакылдап-шакылдап жүрүп, акыры аягында «эстрада жылдызы» болуп кеткен Нурлан Мотуев эстүүрөөк окшойт деп калдык. Карантинде элди көчөгө үндөбөй, тескерисинче ырдап берип, зериктирбей отурат.