Ош шаарында 19 жаштагы келин үч эм төрөгөнүн Турмуш басылмасы Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Зейнеп Исраиловага шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Кара-Суу районунун Нариман айылынын 19 жаштагы тургуну кечээ, 27-апрель күнү үч эм кыздарын жарыкка алып келди. Үч эм операция жолу менен төрөлгөн.

Дарыгердин айтымында, эненин жана кыздардын абалы жакшы. Биринчи төрөлгөн кызы 2 кг 400 гр, экинчиси 2 кг 100 гр, үчүнчүсү 2 кг салмак менен төрөлүшкөн. Бул жаш келиндин алгачкы төрөтү.

Зейнеп Исраилова белгилегендей, ымыркайлар 2020-жылдагы Ош шаарындагы алгачкы үч эм. Өткөн жылы 7 жолу үч эм төрөлгөн.