Эл эпидемияга кабылып жатса, Батыштан баш паанек алгысы келген Тимур Махмудов Учурдагы оор абалга карабай өз кызыкчылы үчүн Садыр Жапаровдун атына жамынып, жан тартымыш болуп жаткан Тимур Махмудов деген ким? Жакындан карасак кызыктар четинен чыга берет экен. Т.Махмудов учурда өз көмөчүнө күл тартып, Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун элин козутуп, мурун соттолгон депутат Садыр Жапаровду колдоо акциясын уюштуруу менен алек.

Ал буга чейин Ат-Башылык кызга үйлөнүп, үч баласы менен таштап кеткени баарына маалым болбосо да, тар чөйрөдө жакшы белгилүү. Мына ушул өз үй-бүлөсүн, бала-чакасын талаага таштап кеткен адамга ишенип, Ат-Башынын аттуу-баштуу, эл сыйлаган ак сакалдары анын камчысын чаап жатканына жол болсун. Алар Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын тургуну Дайрагүл Ибраева жана Ак-Жар айылынын тургуну Жеңишбек Жумалиев.

Булар азыр элди козутууну көздөп Ат-Башыга курула турган болуп, бирок токтоп калган Соода-Логистикалык борбордун курулушу жүрүп жатат деген жалган маалымат таратышууда. Эсиңиздерге салып өтсөк, ал жер тилкеси М.Өмүракуновдун туугандарыныкы болгондуктан, алар өзүлөрүнө тиешелүү жумуштарды жасап, учурда электр чубалгыларын тартып жатышат. Андыктан Соода-Логистикалык борбор тымызын курулуп жатат деген маалымат жалган жана чындыкка дал келбейт.

Котур ташын койнуна каткан Т.Махмудовдун эң негизги максаты ушундай арам оюу аркылуу элди козутуп, митинг уюштуруп, өзүн оппозиционер катары көрсөтүп, андан соң саясый баш паанек сурап, “Куугунтук көрдүм” деп, Батышка кетүүнүн гана амалы менен иш кылып жатат. Андыктан, алтын чөйчөк жерди жердеген атбашылык туугандар, өз көмөчүнө күл тарткан адамдардын азгырык сөзүнө кирбей, андан азыркы оор кырдаалда бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып биримдикте бул аты жаман ооруну бирге жеңели.