Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргызстан 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата массалык иш-чараларды өткөрбөйт», — деди президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары элдин кеңири колдоосуна ээ болгон массалык акция —  «Өлбөс полк» иш-чарасын онлайн форматта өткөрүү сунушталып жатканын кошумчалады.

Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тылдын катышуучуларына, өткөн жылдардагыдай эле, өзгөчө көңүл бөлүнөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарында Улуу Жеңишке арналган долбоорлор кеңири чагылдырыларын белгиледи.

Кыргызстанда согуштун 233 ардагери бар. Быйыл бир жолу берилүүчү 75 миң сом облустардагы өкүлчүлүктөр аркылуу тапшырылды.