Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан «Эркеч-Там унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пункту убактылуу жабылат. Кытайдагы Аза күнүнө байланыштуу пунктту жабуу сунушу Кытай тараптан түшкөн.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул пункт 30-апрелден баштап 5-майга чейин жабык болуп, 6-майдан тарта жүк өткөрүлүп баштайт.

Коронавирус күчөп баштаганда жабылган «Эркеч-Там унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пункту өзгөчө алгоритмдин негизинде Кытайдан Кыргызстанга жүк ташуу үчүн гана 15-апрелден тарта ачылган болчу.