Аксы районундагы мектептердин 1-11-класстарынын окуучулары Бүткүл россиялык билим берүү онлайн-олимпиадасына активдүү катышып 1, 2, 3-даражадагы дипломдорго ээ болушту. Бул тууралуу Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Уулжан Жанузакова маалымдады.

Окуучулар үчүн өткөрүлгөн “Время знаний” Бүткүл россиялык олимпиадасына катышкан окуучулар айрыкча, англис тили, математика, география, биология предметтери боюнча байгелүү орундарга жетишкен.

– Окуучуларыбыз эл аралык олимпиадаларда ат салышып, ал тургай байгелүү орундарды ээлеп жатышканы бизди чексиз кубандырды. Алсак, Э.Арстанбаев атындагы №18 мектептин окуучусу Рабия Арстаналиева – биология предмети боюнча, ушул эле мектептин 8-классынын окуучусу Айжан Кушназарова – география боюнча жана №44 А.Мырзабеков атындагы мектептин 5-классынын окуучусу Айдинай Абдрашитова анлгис тили боюнча 1-орунду ээлешсе, Гүлшан Курманалиева (алгебра), Айелита Нурболотова (математика) 2-орунду багындырышты. Бизди айрыкча райондогу эң чакан А.Жуманазаров атындагы мектептин окуучуларынын ийгиликтери сыймыктуу болууда. Онлайн-олимпиадасына катышуу азыр да жүрүп жатат, андыктан, алдыда дагы жеңүүчүлөрүбүз болот деп ишенебиз-дейт Уулжан Шакыевна.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”