NazarNews.kg маалымат агенттиги  ырчы, саясатчы Нурлан Мотуев менен орозонун күнүнө карабай катуу жазган комментарийинин алкагында баарлашты.

-Нурлан мырза, орозонун күнүнө карабай ачуу сөздөр менен жазган комментарийиңиз ырчыларга арналабы же башкаларгабы?

-Мен ал сөздү ырчыларга эмес, хейтерлерге арнадым. Тагыраагы, ал сөзүм кара ниет, эч кимге жакшылык кылгысы келбеген, бирөөнүн ийгилигин көрө албаган, жүзү кара  адамдарга арналган.  Хейтерлер кыз- эркек экенине карабай жалаң жаман комментарий жазышат. Ошон үчүн эркектерине отузуңда  орок оро албаган, кыркыңда  кылыч чаба албайсың дедим. Кыздарына болсо, 30 чыкканча далактап жүрө берип, эми эр албай хейтер болуп, элдин барын жек көрө бербегиле деп жаздым.

-Алар сизди сындаптырбы?

-Бир группадагы комментарийди окуп калып анан жооп кайтарып жаздым да.  Ал жерде 20-30 пайыз комментарий мага ийгилик каалап, жакшы пикир калтырыптыр. Калганы мени сындап, болушунча каралап, деги укмуш болуп кетишиптир. Ошон үчүн катуу тийдим. Ачуу сөз менен жазып.

Ырчылар бизге айткан экен деп ыңгайсыз болбой эле койсун. Ырчыларга катуу тийгидей анчалык деле капачылыгым деле жок. Анткени, миллион же 200-300 миң катталуучулары барлары ырларымды бөлүшүп, мага колдоо кылып жатышат.  

-Бирок, сиз ырдап чыкканы ырчылар тынч эмес дейт го?..

-Мен ырчылардын тынчын алып, чуру-чуу түшүргүдөй эч нерсе кылганым жок. Алардай 10-20-30 сүрмө топ болуп чогулуп алып, муңдуу ырларды созуп отурган жокмун. Мен үйүмдөгү студиядан эле ырдап, ютубга, социалдык тармактарга жүктөп жатам. Менин стилим ушундай. Тагыраагы, азырынча студиядан  ырдамай. Чакыруу болсо, тойлорго, корпоративдерде  бармай.  Концерттерге барып, ырчылар менен сүрмө топтун арасында «фонограммамды өчүрүп койду, такамды сындырып койду» деп ызылдап жүрө албайм.

-Ырчылар ырларыңызды бөлүшүп, бирок ошол эле учурда сиздей конкуренттен кооптонуп жатышкан жокпу?

-Ырчылар менден кооптонсо, өздөрүнүн үстүнөн иштеп, вокалдан сабак алып, бийдин ыкмаларын, кыймылдарды  үйрөнүшү керек. Ошондой эле, ырларын муңдуу кылбай, шаңдуу уккулуктуу  ырдашсын.

-Ютуб менен эле чектелесизби же ТВлар менен да иштешесизби?

-Азырынча ютубга анан социалдык тармактарга эле чыгарып жатам. Келечекте ТВларга ырларымды сураса берем деген ойдомун.

-Сиз тойго барып, ырдап берүү үчүн сураган акчаңыз өтө кымбат эмеспи?

— Ырчылар тойдо канча суммага ырдашаарын билбейм. Бирок, адам деген өз баасын билип, талантын сыйлашы керек. Менин баам 1000 доллардан ылдый эмес, өйдө болот деп турам.

-Кокус саясаттагы атаандашыңыз сизди ырчы катары тоюна чакырып, сизди сындыргандай, талантыңызды баалабагандай  мамиле жасаса, унчукпай чыгып кетесизби  же элдин көзүнчө урушасызбы?

-Саясаттагы атаандашым мени «ырдап бер» деп тоюна чакыра турган болсо, мен ставканы 10 эсе жогору коём. 1000 доллар эмес, эки ырга  10 000 доллар алам. Аны алдын ала элсомго котортуп алып, анан барам. Ошон үчүн ырдатып алып, акчаны бербей коюп, мени сындыра алышпайт. Тагыраагы, тойдо  ырдап алып, акчамды бер деп  скандал кылып  жүрбөйм.  

-Бийчилик өнөрүңүздү да өркүндөтөсүзбү?

-Бийчиликти өркүндөтөм. Анткени, бий спорттун бир түрү. Иммунитетти көтөрөт.  Иммунитет деген кан. Кандын курамы таза болуп, кан жакшы айланып турушу керек. Колронавирус күчөп турган маалда спорт, бий абдан керек. Ден соолукка пайдалуу.

-Тойлорго чындап эле сиз айткан сумма менен чакырып башташтыбы?

-Ооба. 1000 доллар десем, бирөө 700, бирөө 500 долларга түшүрдү. Жаңы баштап атканда алгачкы чакырууларга кичине скидка кылдым. Буюрса, орозо, карантин бүтсө, тойлордо ырдайм. Азырынча алты заказым бар. Мен экөөсүн гана айттым.

Булак, Nazarnews.kg