COVID-19 коронавирустук инфекцияга каршы дары катары уулуу метанолду ичкендигине байланыштуу 700 ирандык каза тапты. Бул тууралуу Иран Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Хоссейн Хасаниан Associated Press маалымат агенттигине билдирген.

Агенттиктин билдирүүсү боюнча Хасаниан тарабынан келтирилген сандар ведомство тарабынан жарыяланган сандардан көптүк кылат. Кеңешчинин айтуусу боюнча мындай айырманын келип чыгуусу жабыркагандардын көпчүлүгүнүн ооруканадан сырткары жактарда каза болгондугу менен байланыштуу.

Буга чейин, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү 20-февраль күнү метил спиртин ичип алып 525 адам каза болгондугу, метанолдун дарылык касиети тууралуу имиштерге ишенип алган 5 миң ирандык уулангандыгы, ошондой эле алардын ичинен 90 пайызы толук же жарым-жартылай түрдө көрбөй калгандыгы тууралуу билдирген.

Өкмөттүн маалыматы боюнча 2020-жылы алкоголдук ичимдиктерге уулангандардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу он эсе көп болууда.