Австралияда милионердин үй-бүлөсүндө 1982-жылы төрөлгөн Али Баннаттын ата-энеси бир нече эл аралык чоң бизнести башкарчу. Али да бой жеткени бизнес менен алектене баштаган. Жаш мультимиллионер, ийгиликтүү бизнесмен, жергиликтүү элитанын катарын толуктаган. Алинин жашоосунда эмне кааласа бардыгы болгон. 2015-жылга чейин Алинин жашоосу жалаң оюн-зоок, көңүл ачуу менен өткөн. Ал өзүнөн эч нерсе аячу эмес, кечки көңүл ачууда канча акча коротконун да эсептечү эмес эле. Аны бир эле сааты 60 миң доллар турган, мындай саттар Алиде абдан көп болгон.

Үйүндө кымбат унаалардын түрлөрү болгондуктан унаа токтотуучу жай автопарктай эле көрүнчү.

Бир күнү ден соолугу начарлап баратканын байкаган Али дарыгерлерге көрүнөт. Ошондо гана ал рак илдети менен көптөн бери жабыркап жүргөнүн билет. Болгондо да акыркы,  4-баскычында эле. Алиге дарыгерлер анын жашоосу ашып кетсе жети айга гана бараарын, андан кийин өмүрү менен кош айта турганын ачык эле айтышкан. Ал ушунчалык көп байлыгы менен дарыланып, жашоосун аз болсо  да узарта алмак, бирок ал күрөшкөн жок.

Ушундай илдетке кабылгандан кийин, бир күнү үйүндө жалгыз отуруп, ушул мезгилге чейинки өткөргөн жашоосун элестетип, бир да жакшы иштерди жасабаганына өкүнгөн. Анын жашоосу жалаң оюн зоок менен гана өткөн эле.

Ушундан кийин Алинин жашоого ой-жүгүртүүсү түп тамырынан бери өзгөрүп, ал кайрымдуулук  фонд түзүп, бардык байлыгын саткан. Машиналарын, коллекция кылган кымбат баалуу сааттарын, үйлөрүн, бизнесин, бардык байлыгынан эч нерсе калтырган эмес.

Андан кийин ал Африкага барып, эң кедей калк менен таанышкан. Дүйнөнүн бир нече кедей өлкөлөргө барып,  кембагалдардын балдары үчүн мектеп, оорукана, мечиттерди курган.

“Адам баласынын өзүнүн жашоосу жакшы болсо, башкаларды эч ойлобойт экен” деп айткан  жарды элди көргөндө.

“Мен бир да материалдык байлыкка же буюмга ээ болбой, эч нерсем жок болуп тиги дүйнөгө кетким келет” деген.

Ал өзүнүн рак илдетине кабылганын бул Кудайдын белеги деп билген. “Эгер мен бул илдетке чалдыкпасам, жашоонун маңызын билбей калмакмын” деген экен, көз жумаар алдында.

2018-жылы 29-майда Али Баннат бул жашоо менен коштошкон.