Бүгүн коомдук ишмер, белгилүү саясатчы Камчыбек Ташиев Президент Сооронбай Жээнбековго чукул Кайрылуу жасады.

Кайрылуунун толук тексти:

«Урматтуу Президент!

Коомчулукту түйшөлткөн негизги маселенин бири коронавирус оорусуна чалдыккан 708 жараныбыздын арасынан 183 адам медицина кызматкерлери экендигинде болууда. Аталган илдетке медицина кызматкерлеринин эң көп чалдыгуусунун башкы себеби: дарыгерлердин убагында зарыл болгон атайын кийим кече, ар кандай зыянсыздандыруучу суюктуктар менен жеткиликтүү камсыз болбогондугу жана мындай коркунучтуу ооруну жуктуруп албаш үчүн күн мурунтадан атайын даярдыктан өткөрүлбөгөндүгү экендиги түшүнүктүү болуп калды.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму быйыл жыл башында бул илдеттин алдын алууну дүйнөдөгү бардык өлкө башчыларына эскерткен. Өзүңүз башында турган Коопсуздук кеңеши да бул илдетке каршы туруу боюнча бир нече көрсөтмөлөрдү берген, бирок ушул иш чараларга карабастан эмне үчүн М.Абылгазиев баш болгон өкмөт коркунучтуу илдеттин алдын алып кам көргөн эмес.

Натыйжасында, дарыгерлерге жеткиликтүү кам көрүлбөй туруп, алардын жеке өмүрлөрүн коркунучка салып «ооругандарды айыктыргыла» — деп алдыга салышкан.

Урматтуу Президент!

Мамлекетибиз өзгөчө абал шартында жашап жаткан мезгилде кыргыз өкмөтүнүн өз элине аскердик тил менен айтканда «согуштук абалда» турганда шалааакылык кылуусу аткаруу бийлигинин өз элине жасаган «чыккынчылыгы, кылмышы» катары баалого болот.

Өзгөчө кырдаал кесепеттерин жоюу учурунда мындан ары да оор шарттар жаралышы мүмкүн. Ошондуктан М.Абылгазиев баштаган өкмөттү тез аранын ичинде отставкага кетирип, мыйзам чегинде жоопкерчилигин караш керек. Мурдагы эле өкмөт башчылары сыяктуу түрмөгө олтургуза бербестен, азыркылардын күнөөсүн таап, жазаласак гана өлкөнү өнүгүүгө жол ачабыз жана келечектеги өкмөткө сабак болот.

Урматтуу Президент!

Сиз элдин, коомчулуктун үнүн угуп ,ошого жараша чара көрүп жүргөнүңүздү көп жолу далилдедиңиз, эми да чындыка, мамлекеттик акыйкаттуулука тике караңыз, элибиз өтө кыйналып кетти, мамлекеттин мүмкүнчүлүгүн, күчүн, аракетин элге жумшаңыз, убакыт күтпөйт, эл да күтпөйт…

Урматым менен Камчыбек Ташиев», — деген кайрылуусунда.

Булак: NazarNews.kg