Ош облус аралык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Кадырбек Атабиев учурда COVID–19 илдетине чалдыккан бейтаптарды кесиптештери менен бирге дарылап жатат.

Дарыгер коронавируска каршы күрөшүүдөгү карантиндин пайдасы жана карантин бүткөндөн кийин да вирустан сактануунун эрежелери жөнүндө айтып берди.

– Кадырбек мырза, сиздер бир айдан бери коронавируска кабылган бейтаптар менен иштеп жатасыз. COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптардын организминде кандай өзгөрүүлөр болот экен?

– Биздин ооруканада дарыланып чыккан бейтаптарды алып карай турган болсок, ооруга чалдыккандардын 70% жеңил түрдө, 20% орточо оор, ал эми 10% өтө оор абалда өтүп жатат. Өзгөрүүлөр көбүнчө өпкөсүндө болууда. Аба жетишпей, деми кыстыгып, тамагы буулуп, булчуң эттери ооруп, жөтөлүп жатышат. Оор абалдагы бейтаптардын өпкөсүндөгү альвеолалары жарылып, ириң толуп кетүүдө.

– Акыркы маалыматтарга ылайык Кыргызстанда 695 адамдан COVID-19 илдети табылса, алардын 395 айыгып чыкты. Илдетке чалдыккандарды кандай ыкма менен дарылап жатасыздар?

– Бизде Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекителген атайын консультант-дарыгерлер, башкы пульмонолог менен башкы инфекционисттер бар. Бардык бейтаптардын маалыматтарын, анализдерин биз аларга электрондук түрдө жөнөтүп, алардын кеңеши менен дарылап жатабыз.

Дарылоо ыкмалары – вируска каршы, эгер өпкө сезгенген болсо (пневмония), ага каршы антибиотиктерди берип жатабыз. Ал эми өтө оор ДВС синдром деп коёт, аларга плазма куюп жатабыз. Ар бир бейтаптын анализдеринин жыйынтыгына жараша ар башкача дарыланып жатат. Дүйнө жүзүндө медицина тармагынан алынган тажрыйбанын негизинде, мисалы Орусияда, Кытайда, Францияда жана Жапонияда вируска чалдыккандарды кандай дарылап жатышса, бизде да ошонун негизинде вируска каршы жана антибактериалдык терапия болуп жатат.

– Учурда ооруканада иштеп жаткан дарыгерлердин арасында ооруну жугузуп алгандар көп болуп жатат. Мунун себеби эмне? Коргонуу каражаттарынын жетишсиздигиби же андан башка да себептери барбы?

– Биз эгерде өзүбүздүн оорукананы алып карай турган болсок, бул ооруга жакшы даярдыкта болгонбуз. Себеби бизде чумага (кара тумоо) каршы атайын коргонуучу костюмдар бар. Анын үстүнө биздин ооруканада эки инфекциялык бөлүм болгондуктан коргонуу каражаттары жетиштүү эле болчу.

Бул жерде дарыгерлердин жугузуп алышынын дагы бир себеби – биздин элдин психологиясынанбы же билбейм, ооруганын же оорулуу контакт болгонун жашырып, бизге кадимки эле бейтап болуп келип кайрылып, оорунун белгилерин так айтпай койгондуктан дарыгерлер ооруга чалдыгып жатат. Негизинен көпчүлүк дарыгерлердин вирусту жугузуп алышы ушундан болуп жатат. Жөнөкөй бейтап болуп келип дарыланып же үйлөрүнө биздин үй-бүлөлүк дарыгерлер барганда жөтөлгөнүн же дагы башка симптомдорун жашырып, «жөнөкөй эле сасык тумоо болдук» деп коюшууда. Аларды текшере келгенде эле вирус бар экени аныкталып жатат. Ошон үчүн дарыгерлер араcында вирусту жугузуп алуу күчөп жатат. Ошондуктан жарандар, суранып кетерим, дарыгерлерге баарын ачык айтыңыздар.

– Кыргызстанда «вирус – жок нерсе», «бул калп» деп ишенбей жаткандар бар. Вирус менен иштеп жаткан дарыгер катары буга эмне дейт элеңиз? Ооруну жеңүүдө карантинди сактоо канчалык маанилүү?

– Эми оору тууралуу теледен, Интернеттен Америкада, Кытайда, Испанияда абал кандай экени ачык-айкын эле көрсөтүлүп жатат. Бул ооруну саясатташтыруунун кажети жок. Биздин элдин өзүнүн да кенебестик мүнөзү бар – ооруну тоготпогондой мамиле кылып жатабыз. Биздин көрүнүктүү эле айрым саясатчыларыбыз «бул жок оору» деп айтканын көрүп жатабыз. Бул таптакыр туура эмес. COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптар бизде дарыланып жатат. Алар жөн эле ооруган жок. Илдети күчөп кеткен учурда айрымдары кан түкүрүп, кан кусуп кыйналып жатышат. Ачыгын айтсам мындай учурда дарыгерлерге эле кыйын.

Мен жалпы кыргыз элинен суранып кетет элем. Карантин бүтөрүнө аз эле калды. Эрежени сактап үйдө отурган 70% элге ыраазычылык билдирем. Дүйнө жүзүндө, мамлекеттик деңгээлде теле-радиодон, социалдык тармактардан «үйдө болгула, колуңарды бат-бат жуугула, беткап тагынгыла» деп тынбай айтып жатышат. Тилекке каршы, жарандардын 30% түшүнбөй жатабы же кайдыгер мамилеби, билбейм, бирок алар көчөдө беткапсыз жүрүшөт. Карантиндин эрежелерин так аткарбай жатышат. Биринчи кезекте өзүбүздүн ден соолугубузга коркунуч жаратуудабыз. Анан жакындарыбыздын ден соолугуна да коркунуч жаралууда. Ар бирибиз өзүбүздү, жакындарыбызды сыйлап үйдө отурушубуз керек. Эгер мындай кенебестик боло берсе карантин дагы узартылышы мүмкүн. Кенебестик боло берсе биз бул илдетти жеңе албай калабыз.

– Коронавирус Кыргызстанга келерин келди. Карантин бүтсө деле бул илдет кетпейт. Аны жугузуп албаш үчүн эми жарандар эмнелерге көңүл бурушу керек?

– Бул РНК камтыган вирус. Сасык тумоо сыяктуу вирус. Муну биз акырындык менен жеңсек болот. Бирок бир шарт менен гана. Эрежелер так аткарылса, эл көп чогулган жайларга барбай, аралыкты, өздүк гигиенаны сактасак, дайыма беткап тагынып, колду бат-бат жууп турсак бул ооруну жеңүүгө болот.

Албетте, шаарда эл көп жашайт. Эл көп жашаган аймактарда вирустун өтө бат тарай турган коркунучу бар. Бирок айыл жергесинде жашагандарга да айтар элем. Карантиндин бүтүшүнө аз эле калды. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, ишиңер жок болсо көчөлөрдө чогулбай үйдө отурсаңар. «Биздин айылда вирус жок, беткап тагынбай эле койсок болот» деп жүргөндөр бар. Бул туура эмес. Айыл жерине да баш калаада же шаарларда жашагандар кайтып жатат. Бир эле адам бүт айылга оору жугузушу мүмкүн. Ошон үчүн кайдыгер болбойлу. Ар бирибиз өзүбүздү, анан жаныбыздагы адамдарды сыйлашыбыз керек. Балким вирус сиздин организмиңизде байкоосуз өтүшү, белгилери такыр билинбеши мүмкүн. Бирок сиздин үй-бүлө мүчөлөрүңүздүн же кошунаңыздын организми бул вирусту көтөрө албай калышы ыктымал. Ошондуктан беткап кийсеңиз сиз биринчи кезекте өзүңүздүн, анан жаныңыздагы адамдын ден соолугуна кам көргөн болосуз.

– Кокустан оору жугузуп алгандар эмне кылыш керек?

– Эгер оорунун белгилери башталып, тамак ооруп, жөтөлүп, дене табы көтөрүлсө үй-бүлөлүк дарыгерлерге телефон чалып кайрылуу зарыл. Үйдөн чыкпаш керек. Кандай белгилер болуп жатканын дарыгерге так айтып берүү зарыл. Алар жөнөкөй оору же COVID-19 экенин аныктап, тактап, анан ошого жараша чара көрүшөт. Көп жарандар оорунун белгилери билинсе деле кайдыгер мамиле кылып же ким менен байланышта болгонун айтпай, вирусту үй-бүлө мүчөлөрүнө жугузуп, өзү да оор абалда бизге келип жатат. Эгер өпкөдө көп өзгөрүү болуп, оору күчөп кетсе ал адам өмүр бою оорулуу болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан канчалык эрте кайрылса, оорунун башкаларга жугушу азаят жана бейтаптын өзүнүн бат айыгышына да жеңил болот.

– Маегиңизге рахмат!

Булак: Азаттык үналгысы