Кризистен кийинки мезгил экономикадагы бир канча  тармактын өнүгүшүн шарттайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, коронавирус инфекциясы бүтүндөй мамлекет үчүн чоң сабак болду, иш жүзүндө экономиканын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн баамдоого шарт түзүп, ошол эле учурда  жакынкы келечекте өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого жардам берди.

«Биздин негизги аракеттерибиз ата мекендик ишкерликти колдоого, импортту алмаштыруу саясатын активдүү жүзөгө ашырууга, экспорттук дараметти бекемдөөгө, экологиялык таза продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана жаңы рынокту өздөштүрүүгө багытталат. Биз COVID-19 вирусун жеңгенден кийин посткризистик мезгилде бир катар тармактар өнүгүү үчүн жаңы өбөлгө алышат. Бул биринчи кезекте медицина, медициналык технологиялар, адамдык потенциалды өнүктүрүү, дистанттык билим беруү жана аралыктан кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрү, электрондук коммерция жана соода. Санариптештирүү саясаты натыйжалуулугун көрсөттү. Мисалы, бүгүн биз дистанттык салыктык текшерүүлөр тууралуу чечимдин үзүрүн көрө алабыз», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, карантиндик режимди киргизүү чаралары Польша Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын медицина адистери тарабынан жогорку бааланды. Алар медициналык жабдуулар боюнча камсыздоодогу айрым бир кемчилдиктерди гана белгилешип, ата мекендик медиктердин компетенциясына, ошондой эле вируска каршы колдонулуп жаткан ыкмаларга дагы жогору баа беришти.

Ал белгилегендей, эки жума бою дартка кабылгандардын жана айыгып чыккандардын санын ортосунда оңдуу динамика байкалууда.

Премьер-министр экономикалык блоктун жетекчилери статистикалык ишмердүүлүктөн четтеп, ар бир ишкана боюнча иш-аракеттердин планын, ошондой эле экспорттук потенциалды бекемдөө жана импорттун ордун алмаштыруу чараларын камтыган  экономиканы комплекстүү жандандыруунун сапаттуу планын иштеп чыгуулары керектигин баса көрсөттү.