“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кечээ Жалбырак.тв каналына маек берип жатып түрмөдө кантип телефонун катып жүргөнүн ачыктаган. Текебаевдин бул маеги дароо тарап, коомчулуктун бүйүрүн кызытты.  Ал арада бул маекке байланышту Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирүү таратып, Текебаевдин телефон колдонгонун мыйзамсыз деп атады. Ошондой эле Текебаев жаткан камерага орнотулган видео көзөмөл боюнча да комментарий беришти.  ЖАМК видеокамералар саясатчынын өзүнүн коопсуздугу максатында орнотулганын, Текебаев колониянын ичиндегилерден коркутуулар болуп жатканы тууралуу арыз жазган деп кошумчалады. Бул маалыматты Вести.кж маалымат булагы жазып чыкты.

ЖАМКтын бул билдирүүсүнүн артында кандай саясат жатканы белгисиз. Бул маалымат коомчулукта “Ата-Мекен” партиясынын лидери Текебаевдин аброюн түшүрүүгө багытталган билдирүү катары бааланууда. Себеби, Текебаев эч качан өмүрүнө коркунуч жаралып жатканы тууралуу даттанган эмес. Тескерисинче, абактагылар Текебаевди аксакал катары сыйлап, сылык мамиле кылышкан.

Буга Акыйкатчынын, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана жактоочуларынын ошол учурдагы билдирүүлөрү далил. Тескерисинче, Текебаев видео камералардын орнотулушуна каршы чыккан. Текебаевдин жактоочулары бийликтин бул кадамын сынга алып, камераларды орнотуу мыйзамсыз деп баалашкан. Бул боюнча депутаттар Жогорку Кеңеште көтөрүп, Текебаевге басым катары анын камерасына мыйзамсыз видео байкоочу аппараттар орнотулуп жатканын айтып чыгышкан. Текебаевдин айбатынан айбыккан бийлик, абакта да жөн жаткырбай, анын ар-бир кадамын көзөмөлдөө үчүн тегерете камераларды орноткон. Бул факт.

Андыктан жумурткадан кыр издеп, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, жалган маалыматты мамлекеттик мекеменин таратып жатканы өкүнүчтүү.

Булак: Чындык медиа