Коом

Россияда пандемия качан токтойт? Окумуштуулардын пикири

Сингапурдук Технология жана дизайн университетинин инновациялар лабораториясынын такай жаңыланып турган маалыматына ылайык Россияда коронавирус илдети 19-августа биротоло токтойт.

Буга чейин адистер бул өлкөдөгү эпидемия 20-июлда аяктайт деп келишкен. Россия менен катар эле башка өлкөлөр боюнча божомолдор дагы өзгөргөн.

Мисалы: АКШ – 5-сентябрь, Италия – 30-август, Британия – 20-август, Германия жана Франция – 5- жана 8-август.

Ошол эле учурда кырдаалга жана кабыл алынып жаткан чараларга жараша аталган даталар ары же бери жылуусу дагы мүмкүн. Окумуштуулардын айтуусу боюнча коронавирус илдетин басып өткөн өлкөлөр кайрадан эпидемиянын жаңы толкунуна кабылбайт деп эч ким кепилдик бербейт

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button