Астрономдор Жерге жакын учуп өтүүчү ири астероидге байкоо жүргүзүүнү пландаштырышууда. РАН Астрономия институтунун илимий жетекчиси Борис Шустовдун айтуусу боюнча ал планета үчүн коркунуч жаратпайт.

Диаметри 1,8 ден 4 километрге чейинки Астероид №52768 (1998 OR2) бүгүн, тагыраак айтканда 29-апрель күнү жерге өтө жакын учуп өтөт. Башкача айтканда, аны менен планетанын ортосундагы аралык 6,9 млн километрди түзөт, бул Айга чейинки аралыктан 16 эсе алыс.

Ошентсе да, окумуштуунун айтуусу боюнча Астероиддин учуу трассасы Жер орбитасын кесип өткөндүктөн кандайдыр бир тобокелдиктер менен коштолуусу мүмкүн.