Футболчулар эми түкүрүүгө болбойт, тыюу салынат

553

Жүрүп жаткан пандемиядан улам, ФИФА оюн учурунда түкүрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, Эл аралык футбол федерациясы дүйнөдө вирустун жайылышынан улам оюндарды өткөрүүгө айрым жаңы эрежелерди киргизүүнү көздөөдө.

ФИФАнын медициналык комитеттинин өкүлү Мишель Д’Хог беттештин калысы оюн учурунда түкүргөн футболчуларды сары айып кагазы менен жазаланарын билдирди.

Эске салсак, учурда дүйнөнүн 200 дөң ашуун өлкөсүндө карантин киргизилген. Жалпысынан пандемиядан жабыр тарткандар 3 млнго жакындаган.