АКШда биринчи жолу үйдө жашаган иттен вирус аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

«Бизге белгилүү болгондой, вирустун иттен табылышы алгачкы жолу болуп жатат. Азыркы тапта көп нерсе белгилүү эмес, биз изилдөөлөрдү улантуудабыз», — деп билдирген адис.

Уинстон жашаган үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү коронавирус илдети менен ооруп чыгышкан. Бул учурда ит алардын жанында болгон, мындан улам анын вирус жуктуруп алганы үй-бүлө мүчөлөрүнө жаңылык болгон эмес.

Эске салсак буга чейин, эки мышыктан вирус табылып алар вирусту жеңил көтөрүп жаткандагы айтылган. Учурда АКШда вирусту жуктургандардын саны 1 миллион 12 миң 399га жетсе, 118 миң адам оорудан айыккан , ал эми каза болгондордун саны 58 миң 855 адамды түзгөн.