Бухарада күчтүү шамал жүрүп бир адам каза болсо 30 киши жараат алган. Белгилүү болгондой 28-апрелде түнкүсүн катуу шамал болуп Бухара, Самаркандда кошуна Түркменстан мамлекети тараптан ылдамдыгы секундасына 9-40 ге жеткен катуу шамал келген.

Катуу шамалдан улам Бухара шаары жабыр тартып, бир топ социалдык объектилердин кыйрашына алып келген.

Шаарды кыйраган бак-дарактардан, учурулган чатырлардан тазалоо үчүн 700 киши, 127 атайын техника тартылган.

Кечээ президент Шавкат Мирзиёев Бухара шаарына барып, кыйраган шаардан кабар алган.