Өткөн суткада дагы 21 бейтап айыкты

Бир сутка ичинде 21 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Айнура Акматова билдирди.

Айыгып чыккандардын эң көбү Бишкек шаарында тогуз бейтап айыккан. Ош шаарында үч, Ош облусунда бир, Жалал-Абад облусунда үч, Нарын облусунда беш.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 437 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.