Коом
29-апрель: коронавирустун дагы 21 жаңы учур катталды
2020-жылдын 29-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 21 учур катталды.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Айнура Акматова билдиргендей, коронавирус жуктургандардын эң көбү Бишкек шаарында — 13, Ош облусунда -1, Нарын облусунда — 6, Баткен облусунда — 1.
Республика боюнча 729 адам коронавирус жуктуруп алган.