29-апрель: коронавирустун дагы 21 жаңы учур катталды

2020-жылдын 29-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 21 учур катталды.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Айнура Акматова билдиргендей, коронавирус жуктургандардын эң көбү Бишкек шаарында – 13, Ош облусунда -1, Нарын облусунда – 6, Баткен облусунда – 1.

Республика боюнча 729 адам коронавирус жуктуруп алган.