Коом

Боз-Бөлтөк тоосунан унаасы менен кулаган айдоочу мерт кетти

Боз-Бөлтөк тоосунун чокусуна автоунаасы менен чыккан 24 жаштагы чокудан кулап, көз жумду.

ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, кырсык күн мурун кечки саат 22:00дө болгон.

«Байтик айылындагы Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунан Toyota Prado үлгүсүндөгү автоунаанын 24 жаштагы айдоочусу унаасы менен кошо коктуга кулаган. Жерине ӨКМдин куткаруучулары барып, айдоочуну Тез жардам кызматына өткөрүп берген», — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок жабыркаган жаран ооруканага жетпей мерт болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button