Коронавирус эпидемиясына байланыштуу беделдүү деп эсептелген  «Оскар» киносыйлыгына көрсөтүү эрежелерине өзгөртүү киргизүү жана 2021-жылы өтүүчү кароо-сынакка кинотеатрларда эмес, онлайн түрүндө көрсөтүлгөн кинотасмаларды киргизүү боюнча чечим кабыл алынды.

Бул эреже кинотеатрлар ачылмайынча сакталмакчы.

Бул үчүн кинотасмалардын ээлери атайын корголгон сайтта көрүү үчүн  жарыя болгондон тартып 60 күндүн ичинде  киноакадемиянын мүчөлөрүнө өз көркөм тасмаларынын көчүрмөсүн жөнөтүүлөрү зарыл. 

Киносыйлыкты уюштуруучулардын билдирүүсү боюнча Калифорния штатынын Лос-Анджелес округундагы кинотеатрлар 16-марттан тартып жабылган. Жаңы көркөм тасмаларды дал мына ушул округдун кинотеатрларында көрсөтүү «Оскар» киносыйлыгына көрсөтүү  үчүн болгон милдеттүү эрежелердин бири болуп саналат.