Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы быйылкы 2020-жылдагы садака-фитирди жарандар уюлдук операторлор аркылуу төгө алышат.

Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Карантин маалында MegaCom абоненттери битир садага, зекет сыяктуу кайрымдуулук төлөмдөрүн MegaPay аркылуу төлөй алышат. Акча каражаттар Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын эсебине келип түшөт.

Битир садаганы мобилдик капчыктын жардамы менен кантип төлөөгө болот?

MegaPay тиркемесин App Store же Google Play сервистеринен жүктөп алуу;

«Кайрымдуулук» бөлүмүнө кирүү;

Битир садага, зекет же жетим балдарга бөлүмүн тандоо;

«Реквизиттер» сабына номериңизди киргизип, кайрымдуулук төлөмдүн суммасын көрсөтүү керек.

Ал эми beeline абоненттери садака-фитирди, зекетти жана башка кайрымдуулуктарды balance.kg тиркемеси аркылуу үйдөн чыкпастан бере алышат.

Акча каражаттары Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын эсебине келип түшөт.

balance.kg тиркемесин App Store же Google Play сервистеринен жүктөп алсаныз болот.

Ал үчүн сиз:

«Кайрымдуулук уюмдары» бөлүмүнө кирүү;

Зекет же жетим балдарга бөлүмүн тандоо;

«Реквизиттер» сабына номериңизди киргизип, кайрымдуулук төлөмдүн суммасын көрсөтүү керек.

Мындан тышкары зекетти берүүдө Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын РСК банктагы эсептик счетуна РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу беришсе болот.