Кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандарды тез арада коопсуз жайларга көчүрүү боюнча изилдөө иштеринин жыйынтыктары менен Ош облусунун Алай районунда 31 даана чатыр тигилди.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Таш-Коро айылына 18, Чакмак айылына 2, Коңур-Дөбө айылына 5 жана Будалык айылына 6 чатыр тигилген.

Бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан республика боюнча 10 орундуу жалпы 153 даана чатырлар бөлүнүп берилип, коопсуз жайга убактылуу көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө жана тийиштүү айыл аймактарынын башчыларына 4290 атайын эскертмелер берилди.

Булак: Медиацентр