Жашоо сыноо. Алдын көрүп билсек, балким өзүбүз каалагандай турмуш куруп, жомоктогудай жашоо өткөрөт белек. Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Ортодо үч бала бар. Биз эл катары жай турмуш алышып, бактылуу жашадык.

Албетте кээде идиш-аяк кагышкан учурлар кездешти. Кырсык каш кабактын ортосунда эмеспи, бак бутап жатып кулап кетип жолдошум каза тапты. Күндөр өтө берди. Жолдошумдун өзүнөн үч жаш кичүү иниси бар. Ал келип кабар алып турат.

Бир күнү кайним жин тийгендей жулунуп келип «Жеңе сен мага аял болосуң, келген күндөн жаккансыз. Сулуунун этеги кургабайт. Айылдын айрым аялы жок эркектери сизге көз сала баштады. Байкемдин балдарын алар мендей карабайт», — деди.

Оозум ачылып отуруп эле калдым. Жолдошум көз алдымда элестеп шолоктоп ыйлап алдым. Негизи менин турмушка чыгуу оюм жок. Менин оюм менен эсептешкен бирөө барбы.

Сыртыман тон бычкан эркектер ким алар. Шариятта жеңеси кайнисине тийсе болот дегенин уккам. Экинчиден кайнимдин келечеги кандай болот. Башкага кызганып бүгүн мага келсе анан жылдар өтүп жубан алгам дебейби.