1-майдан тарта иштөөгө уруксат бериле турган мекеме-ишканалардын кызматкерлери эң биринчи санитардык-эпидемиологиялык эрежени так сакташы керек. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова бүгүнкү брифингде эскертти.

Ал ишканалар, алардын кызматкерлери так сактай турган эреже, аткара турган милдеттерди тизмектеди:
Ар бир мекемеде кызматкерлердин дене табын, ошондой эле организиминдеги башка белгилерди текшере турган жоопкерчиликтүү кызматкер дайындоо;

Милдеттүү түрдө бет кап тагынып жүрүшү керек;

Ар бир ишканада кеминде 5-15 күнгө жете турган дезинфекциялоочу каражаттардын болушу;

Ишканага кирип бара жаткан жерде колду жууш боюнча эрежелер илинип, санитайзер коюлушу шарт;

Эшиктин алдына дезинфекциялоочу каражат менен нымдалган бут сүрүүчү килемче төшөлүшү керек;

Жумуш берүүчү кызматкерлерди суюк самын, дезинфекциялоочу, антисептикалык каражат жана кагаз майлыктар менен камсыздашы керек;

Жетекчилик кызматкерлерди бир ирет колдонуучу бет каптар менен дагы камсыздоодон тышкары, алар жумуш учурунда колдонуп, таштандыга кеткен бат каптарды жок кылынуусун көзөмөлдөшү зарыл;

Ишканаларда кызматкерлердин ортосунда эки метр аралык сакталышы шарт;

Тамактануу графиги түзүлүп, аны кызматкерлер так сакташы керек. Мындан тышкары, ашканада бир жолу колдонулчу идиш-аяктын болгону жакшы. Эгер мындай шарт жок болсо, ар бир кызматкер өз идишин дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалашы керек;

Чач тарач сыяктуу тейлөө тармагында иштегендер кардарларды алдын ала сүйлөшүп алуу жолу менен гана кабыл алуусу керек;

Акча кармап иштегендер кол кап кийип жүрүүгө милдеттүү;

Иш бөлмөдө абаны тазалап турган жабдуулар жок болсо, күнүнө 5-6 жолу терезени 15 мүнөттөн ачып коюу туура болот;