Коом

Комендант У. Аалиев Ат-Башы районундагы блокпосттордун жана район ичиндеги фильтрациялык посттордун абалы менен жеринде таанышты

Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Улан Аалиев Ат-Башы районундагы блокпостордун жана район ичиндеги фильтрациялк посттордун абалы менен жеринде таанышты.

Аталган посттордо тиешелүү кызматкерлер күнү-түнү автоунаалардын кыймылын жөнгө салып, жөө жүргүнчүлөрдүн саламаттыгы жана жугуштуу оорунун очогу болуп жаткан Ат-Башы районунун элине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп тынымсыз иш алып барышууда.

Ар бир коюлган посттордон айылдан районго ооруган бейтаптар кош бойлуу айымдар эч тоскоолдуксуз өтүшүүдө.

Ошондой эле карапайым калктын муктаждыгы үчүн гуманитардык жардамдар, күйүүчү май, азык-түлүк, дары-дармектер жана жазгы талаа иштерине керектелүүчү буюмдар да өз убагында айылдарга жетүүдө.

Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты ар бир посттогу абалды текшерүү учурунда кызматкерлердин атайын коргонуучу кийимдерин, санитардык тазалыгын, тамак-ашына чейин көңүл буруп, өз коопсуздукту сактоону да баса белгиледи.

Нарын шаары жана Ат-Башы районунун комендатурасынын басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button