Бала бакчалар качан иштей турганы айтылды

Кыргызстанда билим берүү мекемелери, анын ичинде бала бакчалар өлкө аймагындагы өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдери толук алынгандан кийин иштей баштайт.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, кырдаал турукашса, 1-июндан тарта иштей баштайт.

“Баары кырдаалга жараша болот. Эгерде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал өзгөрбөсө андан кийинки айларда иштеши мүмкүн”,-деди Асрандиев.