Анжелина Жоли жана Бредд Питт мындан төрт жыл мурун ажырашкан. Бирок сот процесси бүгүнкү күнгө чейин созулуп келет. Байкоочулар ажырашуу Анжелина Жолини кыйла өзгөрттү дешүүдө.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Белгилүү болгондой актрисанын жан сакчыларынын бири да муну тастыктап, «Ал бир топ жашарып, макияжсыз деле сулуу бойдон, балдары менен көп убакыт өткөрүүдө. Бир туугандары, байкеси менен көп баарлашып турат», — деп билдирген.

Ал эми айрым чет элдик басылмалар тескерисинче актриса Женнифер Энистонго үйлөнгөн Бред Питт кыйла жүдөңкү көрүнүп, чачтары өсүп калганын кабарлашкан. Адистердин айтымында көпчүлүк айымдар, каалагандан эмес, ушундай жашоодон тажагандан улам ажырашууга бел байлайт.

Ажырашуудан соң айымдар өзгөчө өздөрүн колго алып, өздөрүн карап баштайт. Анткени жаңы таанышуулар үчүн ар убак сулуу көрүнүүгө туура келет. Белгилүү болгондой, көпчүлүк айымдар косметикалык каражаттар, кийимдерди көбүрөөк сатып алышат.

Айрымдар ажырашуудан соң көп акча иштеп баштайт. Айтор, актриса болобу, жөнөкөй сатуучу, офисте иштеген же көп балалуу айым болобу эң башкысы ажырашуудан кийин кыйла өзгөрүүлөр байкалат.

Негизинде чымчыктын уясы бузулбасын . Аял заты алгач баарына чыдап, көтөрө билип, кечире билип үй бүлөнү сактоого болгон күчүн сарптайт.

Эгер мындан ары чогуу болууга мүмкүн эмес экенин түшүнүп жеткен соң акыркы болуп чечим чыгарат. Ажырашуудан кийин көпчүлүк мырзалар экс жубайын көргөндө күтүлбөгөндөй өзгөрүүгө туш болгондугун моюндаган.