2016-жылы өткөн президенттик шайлоодо Дональд Трампка атаандаш болгон АКШнын мурдагы мамкатчысы Хиллари Клинтон кийинки шайлоо кампаниясында мурдагы вице-президент Жозеф Байдендин талапкердигин колдой тургандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу ал Байдендин шайлоо алдындагы кампаниясынын сайтындагы онлайн трансляциялары учурунда билдирген.

ТААС агенттигинин маалыматы боюнча Хиллари: — «Джо Байден өмүр боюу мына ушул учур үчүн даярдык көрүп келген, мен бул киши менен акыркы 25 жыл ичинде бирге иштештим. Андыктан мен анын чыныгы саясатчы экендигине кепилдик берем» — деп кошумчалаган.

Эске сала кетсек, буга чейин дагы бир ири саясатчы, тагыраак айтканда 2008-2016-жылдар аралыгында өлкөнү башкарган Барак Обама дагы Байдендин талапкердигин колдой тургандыгын айтып чыккан.

АКШ президентин шайлоо үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында өтө тургандыгын белгилей кетмекчи биз.