«Биз коронавирустун туу чокусуна жеттик деп айткандан алысмын. Жарандарды жооткоткум келбейт. Республикалык ыкчам штаб ишин мурдагыдай тартип уланта берет. Талап кылынган эреже, милдеттер күчүндө болот. Бир топ чечиле элек маселелер бар. Элдин арасында оорунун белгиси билинбей жүргөндөр, ооруганын жашырып койгондор бар. Алардын баарын аныктамайынча оорунун туу чокусуна жеттик деп айтуу эрте»,-деди республикалык ыкчам штабдын жетекчиси, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, оорулуулар менен байланышта болгон калк жашаган 114 калкттуу пунтту толугу менен иликтеп чыгуу зарылдыгы турат.