Япон губернатору Акита Норихисе Сатакэге 2012- жылы Путин сибир пародасындагы мышык белек кылган.

Бул тууралуу орусиялык МК басылмасы жазып чыкты. Мышыктын аты Мир. Губернатордун маалыматында Мир вируска шектелип изоляцияга алынган.

Япон губернатору АКШ жана башка өлкөлөрдө үй жаныбарларынан вирус аныкталып жатканы өкүндүрөт деп билдирет.

«Азыркы абалдын эртерээк өтүп кетүүсүн каалайт элем. Бул вирустан адамдар, жаныбарлар жабыркап жатканы өкүндүрөт” — дейт Акита Норихисе Сатакэ.

Белгилүү болгондой учурда япон губернаторунун үйүндө 6 мышык бар. Мир да бул мышыктар менен катар багылып келет.

Эске салсак, 2012- жылы АЭС «Фукусима-1» болгон аварияга көмөк көрсөткөнү үчүн , Акита Норихисе Сатакэ Путинге ыраазычылык иретинде акита-ину пародасындагы Юмэ ысымдуу күчүк белекке берген.