Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилованын төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясына (COVID-19) каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн физикалык жана юридикалык жактардан ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясына (COVID-19) каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн физикалык жана юридикалык жактардан ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү тартиби жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралды жана Саламаттык сактоо министрлигинин 38,5 млн сом өлчөмүндө мурда бөлүнгөн каражаттарды пайдалануусу тууралуу маалыматы угулду.

Комиссия мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2020-жылдын апрель айына карата медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн керектелген 229 млн 418 миң 400 сом өлчөмүндөгү билдирмесинин бетачары сунушталды.

Комиссия мүчөсү, «Балдар укугун коргоо лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова чогултулган каражатты жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга багыттоого чакырды.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фонд жетекчисинин орун басары Акыл Калыков бүгүнкү күндө жеке коргонуу каражаттарын сатып алуу процедуралары ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи.

«Күн сайын Республикалык ыкчам штабдын ишинин жүрүшүндө аталган маселе артыкчылыктуу маселе катары каралууда. Медициналык кызматкерлер тийиштүү түрдө муктаждыктарга жараша жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалууда», — деп кошумчалады.

Андан соң Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү төлөө үчүн 95 млн 584 миң сом өлчөмүндөгү өтүнмөсү добуш берүүгө коюлду, жыйынтыгында комиссиянын катышып жаткан 15 мүчөсүнүн ичинен 11и бул чечимди колдоп, 4 мүчөсү калыс бойдон калышкан.

Кеңешменин жыйынтыгында Саламаттык сактоо министрлигинин оорунун очогу орун алган аймактарда ишке тартылган саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине жана ишке тартылган жактарга 95 млн 584 миң сом өлчөмүндөгү компенсациялык төлөмдөр үчүн өтүнмөсү жактырылды.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Саламаттык сактоо министрлигинин билдирмесиндеги 133 млн 833 миң сом өлчөмүндөгү жетишпеген сумманы каржылоо тууралуу маселени иштеп чыгуу тапшырылды, анткени билдирмедеги көрсөтүлгөн сумма Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин депозиттик эсебине келип түшкөн сумманын жалпы көлөмүнөн жогору саналат.