Пандемияга байланыштуу дүйнө жүзүндө анын ичинде Кыргызстанда абал турукташканда аба каттамдар кайрадан башталып, туруктуу негизде учактар уча баштайт. Ошондо биздин жарандарыбызга Кыргызстанга кайтып келүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде КР тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Ал өз сөзүндө чет жактагы кыргызстандыктарга кайрылып, бир катар сунуштарды берди.

“Мүмкүн болсо жайгашкан жерде туруп турсаңыздар. Сыртка көп чыкпай, силер жайгашкан өлкөнүн эрежелерин, анын ичинде санитардык эрежелерди жана карантиндик режимди да так аткарып, сактап бергиле. Анткени сыртка көп чыгуунун негизинде силер өзүңөр да илдетке дуушар болуп, башка да жарандарды кооптуу абалга алып келишиңер мүмкүн”, – деп баса белгиледи ал.

Ниязалиев кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан да сырттагы жарандарга жардам берүү боюнча бир топ иштер жүргүзүлүүдө.

“Маалым болгондой, өкмөт тарабынан чет жактагы жарандарыбызга жардам берүү, анын ичинде учуп кете албаган жарандарды тамак-аш жана убактылуу турак жай менен камсыз кылууга атайын каражат бөлүнгөн. Бул багытта биздин дипөкүлчүлүктөр, элчиликтер, Башкы консулдуктарыбыз иштерди жүргүзүп жатат. Бөлүнүп берилген каражаттын ар бир сомун, ар бир тыйынын биз көзөмөлгө алабыз”, – деп билдирди ал.