Жаратылыш адам баласын таң калтыруусун койбойт. Деңиз түбүндөгү жашаган жаныбарлардын жашоосу биз үчүн кызык. Кадимки биз билген аккуланын жумурткасын көрдүңүз беле?

Албетте жумуртка тууралуу сөз болгондо кадимки көрүп жүргөн аппак, жылмакай жумуртканы элестейбиз. Бирок башкалардан айырмаланып аккулалар жумурткаларын ар түрдүү формада жаратат.

Алардын жумурткалары деңиз түбүндө ар кандай жагдайларга туруштук берүүсү үчүн. Аккуланын баласы скорлупанын ичинде беш айдан жети айга чейин жашайт.